Title: Кайра байланышуу
Author: erkebek
Published: Январь 17, 2018-ж.
Last modified: Июнь 13, 2023-ж.

---

# Кайра байланышуу

[WordPress](https://wordpress.org) системасы – блог түзүү үчүн акысыз платформа 
болуп саналат. Ар ким аны [жүктөп алып](https://kir.wordpress.org/download/), өз
сайтынын негизи катары колдоно алат. Бул [kir.wordpress.org](https://kir.wordpress.org)
сайты [Кыргызстанга](https://kyrgyz.kg) арналган [WordPress](https://kir.wordpress.org/)
тутумдук долбоорунун бир бөлүгү, [кыргыз тилинде](https://make.wordpress.org/polyglots/teams/?locale=kir).
Бул сайт бардык кыргыздардын чыгармачылык менчиги жана баарына бирдей таандык.

Эгер сиз [WordPress](https://wordpress.org) сайтыңызда көйгөйгө туш болуп жатсаңыз,
[Колдоо форумдарына](https://ru.wordpress.org/support/forums/) баш багыңыз. Сизге
жардам берүүгө даяр миңдеген иштеп чыгуучулар бар. Бирок эсиңизде болсун: бул сайтта
эч ким сизге жардам берүүгө милдеттүү эмес. Ар ким каалагандай жардам бере алат.
Андыктан суроолоруңузду мүмкүн болушунча сылыктык менен бериңиз. Кандайдыр бир жардам
үчүн рахмат айтууну унутпаңыз.

[WordPress](https://wordpress.org) коомчулукка таандык болгондуктан, анын иштеп 
чыгуучусу, дареги же телефон номери жок. Бардык жардам форумдар аркылуу жеткиликтүү.
Бул сайтта баары бекер жана милдеттүү эмес. Сайттагы эч ким сиздин сайтыңыздын бузулушуна
жооптуу эмес.